2023-жылдын 8-февралында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары Мамлекектик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын” негизинде 5 китеп чыгарып, бет ачарын уюштурду. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана Укук институнун башкы илимий кызматкери, саясий илимдеринин доктору Ж. Сааданбековдун “Биз Кыргызбыз” аттуу китеби жарык көрдү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К. Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары О.Э. Капалбаев, Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы китепкананын директору Н.Р. Иманкулова, ошондой эле жаңы чыккан китептердин авторлору жана түзүүчүлөрү: академик, ф.и.д., С.Ж. Мусаев, УИАнын ардактуу академиги, с.и.д., профессор Ж. Сааданбеков, К. Турсунов (Эрнис Турсуновдун уулу), ошондой эле жогорку окуу жайлардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү катышышты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2057