2023 – жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында «Кыргыз жараны» концепциясын жана анын иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча семинар уюштурулду.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Арабаев Чолпонкул Исаевич жана Академиянын алдындагы институттардын директорлору менен илимий кызматкерлер катышышты.
Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө «Кыргыз жараны» түшүнүгү жана аны ишке ашыруунун багыттары тууралуу маалымат берип, бул Концепцияны ишке ашырууда тиешелүү тармактар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүдө Академиянын зор салымы керектигин, ошондой эле «Кыргыз жараны» концепциясы бүтүндөй элдин башын бириктирип, ынтымакка чакырган идея экенин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Чолпонкул Арабаев КР УИАнын алдындагы институттардын директорлоруна жана илимий кызматкерлерге «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу максатында 2023-жылга карата ички планды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча тапшырма берди.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2002