2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук Институтунун Саясий изилдөөлɵр жана экспертиза бөлүмү тарабынан уюштурулган “Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу-энергетикалык көйгөйлөрүнɵн болуп жаткан глобалдык жана аймактык процесстердин алкагындагы талдоо” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика Институтунун жетектөөчү илимий кызматкерлери, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, КР Энергетика министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ɵкүлдɵрү, КР УИАнын Мамлекет жана укук институттунун аспиранттары жана докторанттары катышышты.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция даярдалып, андан ары тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2152