Изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу жана ар кандай академиялык этаптарда изилдөөчүлөрдүн өсүүсүнө көмөктөшүү максатында, материктик Кытай бɵлүгүндɵ фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө даяр чет өлкөлүк окумуштууларды колдоо максатында Кытайдын Улуттук Табигый Илим Фонду (NSFC) окумуштуулар үчүн эл аралык изилдөө фондун түздү (мындан ары – RFIS).
NSFC каржылоосу боюнча RFIS изилдөөлɵрдүн бардык тармактарды – математика жана физика, химия, жашоо илимдери, Жер жɵнүндɵ илимдери, инженерия жана материал таануу, маалымат, башкаруу, саламаттыкты сактоо жана башка дисциплиналар аралык илимдерин камтыйт. Ошондой эле RFIS Кытай жана эл аралык илимпоздордун ортосундагы узак мөөнөттүү жана туруктуу академиялык кызматташтыкты бекемдейт.
Сынак 2023-жылдын 1-мартынан 20-мартына чейин жүргүзүлɵт (Пекин убактысы боюнча саат 16:00дө аяктайт).
https://www.nsfc.gov.cn/publish/portal0/tab1356/info88469.htm
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2030