2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) чоң жыйындар залында КР УИАнын илимий-изилдөө жана илимий-уюштуруу иштеринин жыйынтыгы боюнча жалпы чогулуштун жылдык сессиясы болуп өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У. Жапаров, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. Байсалов, КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери, мүчө-корреспонденттери, илимий изилдɵɵ институттарынын директорлору жана кызматкерлери катышышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов ɵзүнүн докладында академиялык илимдин абалы жана жакынкы келечектеги фундаменталдык жана прикладдык илимдин негизги артыкчылыктары тууралуу маалыматтарды чагылдырды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Башкы илимий катчысы, мүчө-корреспондент Худайбергенова Б.М. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2022-жылга карата илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктарын чыгарды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров өз сөзүнүн жүрүшүндө илимий мекемелерди ЖОЖдор менен интеграциялоонун зарылдыгын, Кыргыз Республикасындагы экономикалык саясатка илимий мамилени системалуу түрдө ишке ашырууга окумуштуулардын жана мамлекеттик органдардын өз ара катышуусун белгиледи.
Бул маселени ишке ашыруу үчүн 70ке жакын илимий уюм, 1500 илимдин докторлору, 5500 илимдин кандидаттары бар жана мунун бардыгына жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сомго жакын суммада каржыланат. Ал ошондой эле өлкөнүн экономикасынын тез өсүшү үчүн зарыл болгон илимди көп талап кылган тармактарды, энергетика тармагын жана машина курууну кайра жандандыруу боюнча иштер башталганын белгиледи.
Докладдарды жана жарыш сөздɵрдү талкуулоодон кийин 2022-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун Токтому кабыл алынды:
– Илимий, илимий-уюштуруучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү маселелерин иштеп чыгуу зарыл; илимий жабдууларды дүйнөлүк стандарттын заманбап талаптарына ылайык инвентаризациялоо;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өзгөчө статусун ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүү, каржылоонун жана артыкчылыктуу илимий багыттардын чегинде Илимий изилдɵɵ мекемелеринин илимий жана уюштуруучулук ишин оптималдаштыруу (2021-жылдын 5-майындагы КР Конституциясынын 22-беренесинин 5-пунктуна ылайык) «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, үзгүлтүксүздүк жана илимий прогресстин принциптерине таянып, фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт»;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык «Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери тарабынан даярдалган эң келечектүү иштеп чыгууларды каржылоого жана өндүрүшкө киргизүүгө жетишүү; илимди финансылоону жана окумуштуулардын эмгек акысын бир кыйла кɵбɵйтүү.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1974