2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы менен ШКУнун Кытайдагы технологияларды трансферлɵɵ борбору менен кызматташуу Келишимине кол коюлду.
Кытай тараптан Келишимге кол коюу аземине төмөнкүлөр катышты: Чжао Чжунгюан – ШКУнун Кытайдагы технологияларды трансферлөө борборунун директору, Селиверстова Татьяна – ШКУнун Кытайдагы технологияларды трансферлөө борборунун расмий өкүлү, Богданова Юлия – ШКУнун Кытайдагы технологияларды трансферлөө борборунун Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси, Ким Денис – ШКУнун Кытайдагы технологияларды трансферлөө борборунун Өзбекстандагы, Ташкент ш. жетекчиси.
Кыргыз тараптан: К.Е. Абдрахматов – КР УИАнын президенти, Б.М. Худайбергенова – КР УИАнын башкы илимий катчысы, Т.Э. Урусова — КР УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы.
Узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк Келишими эки тараптуу жана көп тараптуу эффективдүү кызматташууга көмөктөшүү максатында кол коюлду.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1373