Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору, профессор Алпаслан Джейлан жана аталган университеттин окутуучулары иш сапарда болушту

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору, профессор Алпаслан Джейлан жана аталган университеттин окутуучулары иш сапарда болуп кайтышты. Алгач КР УИАнын Президенти Абдрахматов Канат Ермекович менен эки мекеменин ортосунда биргелешкен иштерди алып баруу боюнча пикир алмашышты. Андан соӊ Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институнун иштери менен таанышты. Институттун директору А.Акматалиев Кол жазмалар фондундагы көөнө жазуулар тууралуу маалымат берип, алардын сакталып турушун, институттун эмгек жамааты менен жарык көргөн “Манас” эпосунун варианттары, фольклор, кол жазма, төкмө акындардын, Ч.Айтматовдун жана башка кыргыз адабияты боюнча жарык көргөн эмгектерди тааныштырды. Мындан сырткары “Манас” университети менен КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматташтык келишиминин негизинде келечекте биргеликте жасай турган иштеринин иш пландары тууралуу пикир алышуу болду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер