Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу ишмердигинин абалы, тенденциялары жана мүмкүн болуучу тобокелдиктери» темасындагы илимий-практикалык конференция

2023-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу ишмердигинин абалы, тенденциялары жана мүмкүн болуучу тобокелдиктери» темасында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган илимий-практикалык конференцияны УИАнын Мамлекет жана укук институту менен «Адилет» укуктук клиникасы биргеликте уюштурган.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, мүчө-корреспондент Абдрахматов К.Е., Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Бөрүбашов Б.И., Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Базарбеков З.К., Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Өскөнбаев Э.Ж., Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Мусаканова Н.А.жана «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фондунун директору Жакупова Ч.И. куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Арабаев Ч.И., Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын улук консультанты Аширматова Ж.К., Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу жана мыйзам үстөмдүгү институтунун директору Джаркынбаев А.Д., Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын мыйзам чыгаруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапиянова М.Н.,  «Адилет» юридикалык клиникасынын юристи Сергеева Н.Д., Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директорунун милдетин аткаруучусу, юридика илимдеринин доктору Ботоева Ч.К. жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, профессор Осмонов Д.М. баяндама жасады.

Баяндамачылардын сөзүнөн кийин илимий-практикалык конференциясынын катышуучулары, илимпоздор Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу ишмердигинин абалы боюнча маанилүү суроолорду жана сунуштарды беришти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер