2023-жылдын 21-апрелинде Москва шаарында (Москва мамлекеттик юридикалык академиясынын базасында) Россотрудничествонун колдоосу менен XIV Эл аралык “Интеллектуалдык менчик рыногу аркылуу инновациялык өнүгүү” Форуму болуп өттү, анда беш аймактык (Екатеринбург, Казань, Ростов-на-Дону, Симферополь жана Москва) дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн (анын ичинде ЕАЭБ жана КМШнын бардык өлкөлөрүн кошкондо) 220дан ашуун катышуучулар (анын ичинде 10 академик, 32 илимдин докторлору жана 45 илимдердин кандидаттары ар кандай илимий билимдердин тармактары боюнча), БРИКС өлкөлөрү (Кытай, Индия, Бразилия), ошондой эле Сербия, Болгария жана Израиль). Форумда 9 Эл аралык жана мамлекеттер аралык органдарынын жана уюмдардын, 6 мамлекеттик илимдер академиясынын, 35 академиялык институттун жана алдыңкы университеттердин, 13 министрликтердин жана ведомстволордун, Орусиянын Борбордук банкынын, Эсеп палатасынын, Башкы прокуратурасынын жана Тергөө комитетинин, Орусия Федерациясынын Жогорку Соттун, Орусиянын 44 регионунан (Владивостоктон Крымга жана Донбасска чейин) негизги интеграцияланган структуралардын 60тан ашык ишканаларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун ачылышында анын катышуучуларын Чжан Мин – ШКУнун Башкы катчысы, Степашин С.В. – Форумдун Программалык комитетинин төрагасы жана Орусиянын адвокаттар ассоциациясынын төрагасы, Чайка К.Л. – ЕАЭБ сотунун төрагасынын орун басары, Ершова И.В. – Москва мамлекеттик юридикалык академиясынын биринчи проректору, Форумдун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ошондой эле Орусиянын илимдер академиясынын президенти Г.Я. Красниковдун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти К.Е. Абдрахматовдун, ЕАЭБ сотунун төрагасы Е.В. Айрияндын, Союздук мамлекеттин туруктуу комитетинин жана Беларусиянын мыйзам чыгаруу жана укуктук изилдөөлөр боюнча Улуттук Борбору куттукташты.
Форум Орусия илимдер академиясынын 300 жылдык юбилейинин программасынын алкагында өткөрүлдү, анда биринчи маанилүү окуя болуп Эл аралык академиялык конгресси “Академик Кудрявцев В.Н. Илимге арналган өмүр” (2023-жылдын 19-20-апрелинде) Орусиянын илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун уюштурусу менен өтткөрүлдү.
Форумдун пленардык жана алты сессиялык отурумунда 70тен ашык баяндамалар окулду, анда негизги тема мыйзамдарды шайкеш келтирүү, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана аны укуктук коргоо көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн механизмдерин талкуулоо болду, көп полярдуу дүйнөдө дүйнөлүк тартиптин жаңы борбору катары Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн алкагында евразиялык интеграциянын жолдорунда технологиялык суверенитет жана улуттук атаандаштык максатында өткөрүлдү.
Негизги баяндамасын «Интеллектуалдык менчик рыногу технологиялык суверенитеттин шарты жана көп полярдуу дүйнөдө евразиялык интеграциянын приоритети катары» Лопатин В.Н. жасады – РНИИИСтин илимий жетекчиси, «Интеллектуалдык менчик» стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттин төрагасы, Орусия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер. Пленардык баяндамасында жана Форумдун жыйынтыктоочу документинин долбоорунда 2008-жылдан бери Институт тарабынан даярдаган «ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун, пайдалануунун жана коргоонун абалы жөнүндө» РНИИИСтин жылдык аналитикалык баяндамасынын презентациясы болду.
Пленардык отурумунда докладды талкуулоодо төмөндөгү докладдар угулду жана жасалды: Ивлиев Г.П. – Евразия патенттик ведомствосунун президенти, Черняк В.Н. – КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин Стандарттар бюросунун директору, МГСтин жооптуу катчысы; Цханг Хонгба – Кытай автордук укук коомунун башкы директору (Пекин), Нургалиев Д.К. – «Планетанын суюк углеводороддун запастарын рационалдуу өнүктүрүү дүйнөлүк класстагы илимий борборунун илимий жетекчиси (КФУ, Казань), Савенков А.Н. – Орусия Илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, Ипатов В.Д. – Беларусь Республикасынын Мыйзам чыгаруу жана укуктук изилдөөлөр боюнча улуттук борборунун директору (Минск), Рави Сачдева – Индия Бизнес Альянсынын маалыматтык технологиялар боюнча бизнес-элчиси (Индия), Оморов Р.О. – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу жана автоматташтыруу институтунун лабораториясынын башчысы (Кыргызпатенттин жетекчиси 1993-2007) (Бишкек), Энтин М.Л. – Орусиянын ТИМнин МГИМОнун Европалык укук кафедрасынын башчысы, Савоскин А.В. – УрГЭУнун (Екатеринбург) конституциялык жана Эл аралык укук кафедрасынын башчысы, Писаревский Е.Л. – ВШЭнин илимий изилдөө мекемесинин секторлор аралык жөнгө салуунун негизги кафедрасынын профессору, Боровская М.А. – Орусиянын түштүгүндөгү ЖОЖдордун ректорлор Кеңешинин төрагасы, Түштүк Федералдык университетинин президенти (Ростов-на-Дону).
Форумдун жыйынтыгында анын катышуучулары ушул жылдын 2-майына чейин сунуштамаларды кабыл алышып конструктивдүү коомдук талкуулоо жана андан ары кайра карап чыгуу үчүн Форумдун дирекциясынын сайтында (https://rniiis.ru) жайгаштырылган.
Форумдун жыйынтыгы боюнча кеңири отчет Дирекциянын сайтында жайгаштырылган, Форумдун маалыматтык өнөктөшү болгон журналдарда, басылма жана электрондук түрдө Форумдун документтеринин жыйнагында көрсөтүлөт.
РНИИСтин басма сөз кызматы,
21-апрель, 2023-жыл
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1504