2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Манас”, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры, «Арт араба» Коомдук фонду тарабынан “VII дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында “Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи” аталышындагы республикалык деӊгээлдеги кереге кеӊеш уюштурулду. Анда учурдагы айтуучулук өнөрдүн уланмалуулугу, айтуучулук мектептин жоктугу, айтуучу менен аудиториянын карым-катышы, элдик эпикалык мурасты өзгөчө кенже эпосторду, дастандарды айтуучулардын жеткиликтүү болбой жатышы ж.б. маселелер талкууланды.
Жыйынга айтуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, изденүүчүлөр, маселеге кызыккан жарандар катышты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1395