Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртең” эл аралык илимий-практикалык Форум

КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр Борбору, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр Фонду менен биргеликте 2023-жылдын 26-апрелинде Бишкек ш. «Park Hotel» мейманканасынын конференц-залында  «Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртен» аттуу темада эл аралык илимий-практикалык Форум ѳткѳрүлдү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кенешинин генералдык катчысы, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин ректорлору, окумуштуулар, көз карандысыз эксперттер, Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун ректорлору жана профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана башкалар катышты.

Ошондой эле  «Кыргызстан жаштары бүгүн жана эртең» деген темадагы эң мыкты макалага студенттик сынак жарыяланып, атайын комиссия түзүлүп, сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөр форумда өз иштерин кѳрсѳтүштү.

Т.и.д., профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчѳ-корреспонденти Ч.У.Койчуманова, т.и.д., профессор Н.С.Усупованын  “Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртең” аттуу темадагы китебинин бет ачары болду, китептин негизин Кыргызстандын бардык облустарында жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары түзгѳн.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер