Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүү” илимий семинары

20.04.2023-жылы КР УИАнын жаш окумуштуулар кеңеши Борбор Азиядагы Эл аралык окумуштуулар ассоциациясы менен биргеликте “Илимий жөндөмүүлүктөрдү өнүктүрүү” аттуу илимий семинар өткөрүп, ага 30га жакын жаш окумуштуулар катышышты. Белгилей кетчү нерсе, Айт майрамына карабастан жаш окумуштуулар активдүү катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты илимий изилдөөлөрдөгү жана илимий макалаларды жарыялоодогу жаш окумуштуулардын туш болгон көйгөйлөрүн кароо.

КР УИАнын президенти Абдрахматов Канатбек Ермекович өз сөзүндө илимпоздор өзүнүн илимий жөндөмдөрүн өнүктүрүп турушу маанилүү экендигин баса белгилеп,  жаш илимпоздорго суроо узатты “Өз көндүмдөрүндү, тагыраагы илимий жөндөмдүүлүктөрүндү өнүктүрүү мүмкүнбү?”, бул суроого жаш окумуштуулар бир ооздон “албетте” деп жооп беришти. Биздин семинарга  АКШдагы ири компанияларда жетекчилик кызматтарда эмгектенген, TechWomen программасынын окутуучулары конок катары катышып, программадагы жана жалпы эле бардык уюмдардагы насаатчылык жөнүндө айтып беришти. Семинарга академик, мүчө корр. Оморов Р. О., г-м. илимдеринин кандидаты Орозбаев Р. Т., Инженердик факультетинин декандын орун басары PhD Айчүрөк Мажитова, PhD Мээрим Нурбаева жана PhD Катя Мерхис өздөрүнүн докладдары менен катышышты.

Семинардын тематикалык багыттары:

  1. Макалаларды Эл аралык журналдарда жарыялоо көйгөйлөрү.
  2. Керектүү илимий маалыматты кантип табууга болот.
  3. Илимий ишмердүүлүктү каржылоо проблемалары.

Семинардын аягында катышуучулардан кайтарым байланыш/фидбек үчүн топ түзүлдү.

Жаш окумуштуулардын жоопторун 05.05ке чейин күтөбүз (жоопторду кабыл алуунун аяктоо куну 05.05 чейин, андан соӊ гугл формасы жабылат) жана 10.05те жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырабыз:

1 – орун-Ноутбук;

2-орун – Билим берүү борборунан англис тили курсуна сертификат 10000 сом:

3 – орун акчалай сыйлык!

Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер