2023-жылдын 16-майынан 6-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын УИАнын Химия жана фитотехнология институту менен Кембридж университетинин өсүмдүктөр департаментинин ортосундагы узак мөөнөттүү эки тараптуу келишимдин алкагында илимий экспедиция Жогорку гүлдүү өсүмдүктөрдүн эндемикалык жана сейрек кездешүүчү түрлөрүн изилдөө Жалал-Абад, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарына пландалууда.
Экспедиция учурунда гербарий материалы чогултулат, ошондой эле Кембридж университетинде андан аркы молекулярдык-генетикалык изилдөөлөр үчүн кыртыш үлгүлөрү алынат. Ошондой эле КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын, үрөн фондусу жана тирүү өсүмдүктөрдүн коллекциясы толуктанат.
Экспедицияга катышып жаткан окумуштуулар:
Кембридж университетинен: Бретт Вилсон (Ph/D), Марго Саран жана Кэтрин Грейс;
Кыргыз Республикасынын УИА: Химия жана фитотехнологиялар институтунун директору, корреспондент – мүчө Шалпыков К.Т., илимий кызматкерлер Рогова Н.А., Долотбаков А.К., Усон уулу Чынгыз жана Кыргыз Республикасынын УИАнын Биология институтунун профессору Лазков Г.А.;
Эл аралык «Фауна жана флора» Эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн Султангазиев О.
2023 – жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын УИАнын президенти, корреспондент – мүчө Абдрахматов К.Е. менен жолугушуусу болду, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен мындан аркы илимий кызматташуу маселелери боюнча, КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык багынын коллекциялык фондун инвентаризациялоого жана санариптештирүүгө көмөк көрсөтүү пландаштырууда.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1589