2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен “Альянс Алтын” ЖЧКсынын (Жерүй алтын кени) ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
Макулдашуунун предмети болуп өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Тараптардын ортосунда төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү саналат:
- минералдык ресурстар жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар жана институционалдык өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
- геология жана тоо-кен тармагында билим берүү жана коркунучтуу тоо-кен объектилерин коопсуз эксплуатациялоо жаатында тажрыйба жана билим алмашуу;
- жер казынасын геологиялык изилдөөлөрʏ боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- пайдалуу кен чыккан жерлерге баруу менен тажрыйба жана билим алмашуу;
- биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде конференцияларды, форумдарды, симпозиумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
- геологиялык жана тоо-кен тармагындагы адистердин кесиптик деңгээлин жана билим деңгээлин жогорулатуу үчүн окутуу;
- инвестициялык коомчулук үчүн Тараптардын имиджин калыптандыруу;
- коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
- артыкчылыктуу инновациялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу жана түзүлгөн инновациялык технологияларды жана продукцияларды киргизүү үчүн шарттарды түзүү.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1857