Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
VII Эл аралык илимий-практикалык конференция “Россия жана дүйнө: диалог – 2023. Максаттар жана баалуулуктар”, Москва ш.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Ч.И. Арабаев 2023-жылдын 16-майында Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн “Россия жана дүйнө: диалогдор – 2023. Максаттар жана баалуулуктар” аттуу VII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференциянын уюштуруучусу – Байланыштарды өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институту. Академик Ч.И. Арабаев конференциянын пленардык жыйынында “Орус цивилизациясы азыркы дүйнөлүк түзүлүштө” деген доклад жасады.

Конференциянын катышуучулары жаңы дүйнөлүк тартиптин калыптанышын, эл аралык жана аймактык процесстерди өнүктүрүүнүн моделдерин жана болжолдорун, эл аралык диалогду өнүктүрүү механизмдерин, Россиянын чет элдик коомчулукка жагымдуулугунун факторлорун талкуулашты.

         Иш сапарынын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Байланыштарды өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу Келишимине салтанаттуу кол коюу аземи болуп өттү. Тараптар чет мамлекеттердин илимий мекемелери жана эл аралык илимий уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну макулдашты.

Ал ошондой эле Россия илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунда болуп, илимий-техникалык кызматташтык маселесин талкуулады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер