Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, мүчө-корреспондент Канатбек Ермекович Абдрахматов Москва шаарында өткөн II Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышып келди, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинде жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинде, Абдрахматов К.Е., “ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү” баяндамасын жасады. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары сөз сүйлөгөн пленардык жыйындарга катышты.
Бул иш сапарынын алкагында Канатбек Ермекович Россиянын Илимдер академиясынын президенти, академик Геннадий Красников менен жолугушуп, анда Россия Илимдер академиясынын Жер илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы Николай Бортников жана академик Михаил Флинт менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Россиянын Илимдер академиясынын илимий-техникалык кызматташтыгы жана илимдин түрдүү тармактарында биргелешкен иштерди мындан ары өнүктүрүү перспективалары боюнча иштиктүү баарлашуу болду. Жолугушууда өз ара пайдалуу кызматташтыктын конкреттүү долбоорлорун талкуулоо пландаштырылды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1738