2023-жылдын 25-26-майында Жарандык коргонуу Планына ылайык, КР УИАнын базасында «Жарандык коргонуунун штабдарынын жана бөлүктөрүнүн коркунучтардын жана өзгөчө кырдаалдардын (өрт, жер титирөө) алдындагы иш-аракети» деген темада ККШМ өткөрүлдү. Машыгуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу болгон учурдагы иш-аракеттерди башкарууну уюштуруу маселелерин ырааттуу иштеп чыгуу жана авариялык-куткаруу иштерин комплекстүү камсыздоо маселелерин иштеп чыгуу менен эки этапта өткөрүлдү.
КШМдин жүрүшүндө төмөнкүдөй окуу маселелери иштелип чыкты:
- Башкаруучу персоналды кабарлоо жана чогултуу;
- Башкаруу борборун даярдоо жана жайгаштыруу;
- Тынчтык мезгилдеги Жарандык коргонуу Планын тактоо;
- Жарандык коргонуунун даярдыгынын деңгээлин текшерүү;
- Өрт коркунучу;
- Жер титирөө учурундагы өздүк курамдын аракеттери.
Бардык окуу маселелери толук иштелип чыкты, КШМ максаты ишке ашты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1518