Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн Инсан. Бул адам күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын бизге, коомго, окурмандарга берди. Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы мааракеси болот.
2023-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси менен Чыңгыз Айтматовду эскерүү кʏнʏ болуп өттү.
Аталган эскерүү иш-чарасынын алкагында академик Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун жарыяланбаган чыгармалары: себеби эмнеде?!”…” деген аталыштагы жаңы китебинин бет ачары болду. Бул эмгекте окурмандарга кеңири жете элек, жарыяланбаган чыгармалары жана кол жазмалары тууралуу сөз болуп, автор жазуучунун “Флейта и земля”, “Смерч”, “Свидание с убитым сыном” деген чыгармаларынын кол жазмалары тууралуу ой бөлүштү.
Иш чарага маданият ишмерлери, окумуштуулар жана жалпы эле окурмандар катышты. Кыргызстан Эл Ассамблеясынын төрагасы А. Матубраимов, академик О. Ибраимов, Ж. Баласагын атындагы КУУнун проректору, ф.и.д. С.Тиллебаев, ф.и.д., профессор С. Байгазиев, Л. Гумилев атындагы ЕУУнун доценти А. Алибекулы, т.и.д., профессор С. Кайыпов ж.б. өз ойлорун ортого салышты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1801