Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева менен жолугушуу

2023-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын УИАнын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Раимбачаева Винера Калыбековна менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экинчи окууда өткөн “Илим жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланды. Окумуштуулар мындан ары мындай мыйзам долбоорлору кеңири чөйрөдө – окумуштуулар, адистер жана башка кызыкдар тараптар менен талкууланышы керектиги жөнүндө каалоолорун жана сунуштарын айтышты. Ошондой эле окумуштуулар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренесинин 5-пунктунда чагылдырылган: «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизденүү менен фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт» деп бул беренеде Улуттук илимдер академиясынын статусу так айтылгандыгын белгилеп кетишти.

Мындан тышкары жолугушууда катышкан КР УИАнын илимий коомчулугу илимдин билим берүүчү мекемелери менен бирге өз ара аракеттенүүсүн талкуулап, илимдин өнүгүшү өндүрүштүн жана өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө алып келиши керек экенин бирдиктүү пикирде белгилеп кетишти.

Окумуштуулар менен жолугушкандан кийин Комитеттин төрагасы В.К. Раимбачаева КР УИАнын Борбордук илимий китепканасына барып, Кыргыз Республикасынын УИАнын баалуу китепканалык фонду менен таанышып, илимий китепкананын кызматкерлеринин эмгегин жогору баалады жана келечектеги муундар үчүн китепкана фондунун бай мурасын сактоо зарылдыгын белгиледи.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер