КР УИА, КР АЧМ ДОСХ жана “БИОСФЕРА” ИѲИ ортосундагы үч тараптуу кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында 2023-жылдын 20-июнунда Кыргызстандык жана Россиялык окумуштуулардын жолугушуусу болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүнө биопрепараттарды иштеп чыгуу жана киргизүү маселелери талкууланды. Жолугушууга а/ч илимдеринин доктору, профессор, Башкортостан Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги, БР ИАнын агро-жана биотехнологиялар бөлүмүнүн академиги–катчысы Сафин Халил Масгутович катышты; Майлубашов Көчкөнбай Майлубашович-Башкортостан Республикасынын Тышкы экономикалык байланыштар жана Конгресс ишмердиги министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү, Кыргызстан жана Башкортостан ишкерлер ассоциациясынын “Кыргыз Республикасындагы Соода үйү” башкармалыгынын төрагасы; Кулакчирванов Артур Рифович–”Биосфера “НПП ЖЧКнын аткаруучу директору; Давлетшин Флорида Марсович–”биосфера “НПП ЖЧКнын илим, инвестиция жана өндүрүш боюнча директору, айыл чарба илимдеринин кандидаты, башкыр мамлекеттик агрардык университетинин доценти; Худайбергенова Бермет Мерлисовна-биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын УИАнын башкы окумуштуу катчысы; Урусова Толкун Эсеновна, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын Президиумунун илимий–уюштуруу бөлүмүнүн бащчысы; Джуманазарова Асылкан Зулпукаровна-химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын Химия жана фитотехнологиялар институтунун химия жана өсүмдүк заттарынын технологиясы лабораториясынын башчысы; Гуцалюк Наталия Васильевна, Кыргыз Республикасынын УИАнын Химия жана фитотехнологиялар институтунун химия жана өсүмдүк заттарынын технологиясы лабораториясынын илимий кызматкери.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын дыйканчылыгында химиялык пестициддерди колдонууну азайтуунун жана өсүмдүк өстүрүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө экологиялык таза биотехнологияларды иштеп чыгуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Башкортостан менен Кыргызстандын ортосунда илимий жана илимий-практикалык кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду өткөрүү жөнүндө иш-чараларды жүргүзүү жɵнүндɵ келишимге келишти.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 2307