Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети илимий кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту

2023 – жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ѳлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети илимий кызматташуу тууралуу макулдашуу кабыл алышты.

Документке Кыргыз Республикасынын УИАнын президенти К. Е. Абдрахматов жана университеттин ректору Т. А. Абдырахманов кол коюшту.

Кол коюлган Макулдашуунун предмети өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ата мекендик илимдин салымын жогорулатуу максатында илимий-изилдөө, инновациялык жана билим берүү ишмердигин интеграциялоо жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү, ошондой эле эки тараптын кадрдык потенциалын, материалдык-техникалык жана инфраструктуралык базаларын биргелешип пайдалануу болуп саналат.

Макулдашуу тараптардын аракеттерин түздөн-түз координациялай турган Улуттук академиялык консорциумду түзүүнү көздөйт:
* илимий-изилдөө иштерин активдештирүү боюнча;
* артыкчылыктуу илимий – техникалык багыттар жана аларды ишке ашыруу механизмдери боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууну интенсификациялоо боюнча;
* жаңы технологиялар, инновациялык процесстер жана илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүн биргелешип өнүктүрүү боюнча;
* тажрыйба жана жетишкендиктер менен алмашууну оптималдаштыруу боюнча.
Түзүлгөн структура тараптарга Тɵмɵнкүдɵй мүмкүнчүлүк берет:
– системалык деңгээлде фундаменталдык изилдөөлөрдүн тажрыйбасын ыкчам алмашуу;
– фундаменталдык илим жана инновациялык иш чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүдө окумуштуулардын жана адистердин күч-аракеттерин бириктирүү;
– илимий изилдөөлөр жаатында мамлекет ичиндеги жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңири өнүктүрүү.

УИА КУУга илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин, семинарларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү уюштуруунун негизинде алардын квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү, ошондой эле биргелешкен лабораторияларды жана кафедраларды, анын ичинде Кафедранын филиалдарын окуу процессин, студенттер менен окутуучулардын өндүрүштүк практикаларын уюштурууга багытталган өз базасында түзүүгө көмөктөшүүнү убада кылат.

Өз кезегинде КУУнун жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүүгө, УИАнын илимий-изилдөө мекемелериндеги жана борборлорундагы биргелешкен кафедраларды жана алардын филиалдарын колдоого даяр.

Ошону менен бирге университет академияга кафедралардын филиалдарына арналган жайларды кайра жабдууда, окуу процессин уюштурууда жардам көрсөтүп, бул үчүн өзүнүн адистерин тартат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер