Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Исакбек Торгоевдин «Кыргызстандын аймагындагы жер көчкү процесстери жана коркунучтары» аттуу монографиясы жарык көрдү

Бишкектеги «Orange Print» басмаканасында басылып чыккан бул монография Кыргызстандын тоолорундагы эң чоң коркунуч болуп саналган, жер көчкү түрүндө болуп жаткан, көп сандаган тоо боорлорунун кыйроо процесстерине мониторинг жана анализ жүргүзүүгө арналган.

Бул китепте жер көчкү процесстерине жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жана инструменталдык мониторингдердин жыйынтыктарынын корутундусу камтылган, аларды автор Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун «ГЕОПРИБОР» илимий-инженердик борборунун кызматкерлери менен биргеликте Улуттук илимдер академиясынын фундаменталдык изилдөөлөр долбоорлорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тапшырмалары боюнча жүргүзгөн.

Монографияда прогрессивдүү геофизикалык изилдөө методдорун жана заманбап геомаалыматтык технологияларды колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы жер көчкүлөрдүн деталдуу изилдениши жана жүргүзүлгөн мониторингдин материалдары берилген. Майлуу-Суу, Миң-Куштун мурдагы уран кендүү аймактарында, Көк-Жаңгак, Кара-Кече көмүр кендүү аймактарында, бийик тоолуу Кумтөр кенинде, Камбар-Ата ГЭС каскадынын негизги курулуштарына жакын жерде жер көчкү процесстеринин өнүгүү өзгөчөлүктөрү каралган. Жер көчкү процесстеринин өнүгүшүнүн жана активдешүүсүнүн техногендик факторлору аныкталган. Жер көчкү активдүүлүгүнүн түз жана кыйыр кесепеттеринин тобокелдиктери бааланган. Сейсмогендик ири көчкүлөрдүн өнүгүү факторлоруна, анын ичинде Фергана өрөөнүнүн тоолуу алкагында сейсмотектоникалык, геологиялык, гидрогеологиялык жана климаттык факторлордун өз ара комплекстүү аракеттенүүсүнүн натыйжасында пайда болгон лёсс тектери көп кездешкен аймактагы жер көчкүлөрдүн өнүгүү факторлоруна да көңүл бурулган. Суу көп болгон жылдардагы жер көчкү процесстеринин массалык активдешүүсүнүн жана катуу (кыйроого учуратуучу) жер көчкүлөрдүн пайда болушунун себептери талдоого алынган. Кыргызстандын жер көчкү коркунучу бар аймактарында климаттын өзгөрүү тенденциялары жана алардын келечектеги жер көчкү процесстеринин режимине тийгизген таасири каралган. Кыргызстандагы жер көчкү коркунучтарын башкаруу көйгөйлөрү талкууланган. Калк, экономикалык объектилер жана инфраструктура үчүн жер көчкү коркунучун алдын алуу жана/же азайтуу максатында ар кандай чараларды көрүү боюнча практикалык сунуштар, анын ичинде жер көчкү мониторингин уюштуруу, жүргүзүү жана аны илимий жактан камсыз кылуу боюнча сунуштар берилген.

Бул басылма Жер тууралуу илимдер тармагындагы адистердин кеңири чөйрөсүнө, ошондой эле коопсуздук маселелери жана жер көчкүгө байланыштуу табигый жана техногендик кырсыктардан улам келтирилүүчү зыянды азайтуу маселелери менен алектенген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине да арналган.

Китеп билим берүү тармагындагы ар кандай инженердик адистиктердин студенттерине, биринчи кезекте инженер-геологдорго, тоо инженерлерине, геотехниктерге, куруучуларга жана жол куруучуларга билим берүү процессинде окуу куралы катары кызмат кыла алат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер