2023-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Исаевич Арабаев менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Улуттук изилдөө университетинин жетекчилеринин Кытай делегациясы менен: Цинхай Билим берүү департаментинин директору Шэн Хунсин айым, Цинхай Коммерция департаментинин башчысы Гу Хуэймин жана Цинхай Улуттук университетинин изилдөөчү-ассистенти Ма Тингуань менен жолугушуусу болду. Жолугушууда илим тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.
Цинхай улуттук университети 1948-жылы түзүлгөн. Бул – Кытайдын батыш аймагындагы биринчи университет. Университет экономика жана башкаруу (менежмент), айыл чарба жана мал чарбасы, илим жана технология, инженерия, ветеринария, архитектура ж.б. тармактарда бакалавр даражасын ыйгарат.
2000-жылдан бери бул университет Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташып, илим жана билим берүүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет.
Университетте Илимий изилдөө институту бар, ал Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууга чоң маани берет. Учурда университет Түркмөнстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен кызматташат.
Чет өлкөлүк студенттер үчүн ар кандай стипендиялар каралган.
Цинхай Билим берүү департаментинин директору Шэн Хунсин айым КЭР менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда илимий изилдөө борборлорун түзүүнү, окутуучуларды жана студенттерди алмашууну, илимий изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүүнү сунуштады.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1719