Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
2023-жылдын 16-17-августунда Ысык-Көл областынын Чок-Тай айылындагы «Royal Beach» Клуб-мейманканасында “Ариддик зоналарда туруктуу өнүгүү үчүн экологиялык изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференцияны өткөрүүнүн максаты: суу ресурстары жана гляциология, биологиялык ар түрдүүлүк, жайыттарды пайдалануу, климаттын өзгөрүшү жана экосистемалардын мониторинги, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы актуалдуу экологиялык маселелерди талкуулоо; Борбордук Азиянын аймактык көйгөйлөрү боюнча ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары менен адистеринин ортосунда маалымат, билим жана тажрыйба алмашуу.

Конференцияны Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө борбору (Бишкек), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кытай Илимдер академиясынын Шинжаң экология жана география институту, Синьцзян агрардык университети Кытай илимдер академиясынын, КР УИАнын Биология институту, КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту жана КР УИАнын М.М. Адышев атындагы Геология институту менен биргеликте уюштурулду.

Конференциянын иши пленардык жыйын жана 5 секция түрүндө болуп өттү:
1. Суу ресурстары жана сууну тазалоонун технологиялары;
2. Табигый кырсыктар;
3. Биологиялык ар түрдүүлүк;
4. Климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөгө мониторинг системалары;
5. Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу.

Конференцияга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Россиянын, Кытайдын, Япониянын алдыңкы илимий жана окуу жайларынын, илимий борборлорунун окумуштуулары, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн жетекчилери катышышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер