Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, көрүнүктүү окумуштуу Абдыганы Эркебаевди 70 жыл кутман курагы менен куттуктайбыз!

2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жамааты жана республиканын илимий чөйрөсү академик, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, көрүнүктүү окумуштуу Абдыганы Эркебаевдин 70 жыл кутман курагы менен куттукташты.

Абдыганы Эркебаев 1953-жылы Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ал эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКнын пропаганда жана маданий-массалык иштер бөлүмүндө лектор болуу  менен баштап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Улуттук илимдер академиясынын президенти жана башка кызматтарды аркалаган.

Юбилярга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти мүчө-корреспондент К.Е Абдрахматов, КР УИАнын академиктери М.Мамытов, А.А.Бөрүбаев, Ш.Ж.Жоробекова, М.С.Жуматаев, С.Ж. Мусаев, О.И.Ибраимов жана жогорку окуу жайланын ректорлору кутуктоо сөз сүйлөштү. Алар А.Эркебаевдин басып  өткөн эмгек жолуна кайрылып, кыргыз адабиятына кошкон салымын баса белгилеп, коомдук, илимий ишмердүүлүгү тууралуу жылуу пикирлерин, каалоо-тилектерин  айтышты.

Жыйындын соңунда А.Эркебаев өзүнүн өмүр жолуна, адабият чөйрөсүнө кантип аралашып калганына кыскача токтолуп, жыйындын катышуучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер