Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Биология институтунун 80 жылдык юбилейине арналган «Климаттын өзгөрүшүнүн шартында тоо экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо» деген темадагы Эл аралык конференция өткөрүлө

2023-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында КР УИАнын Биология институтунун 80 жылдык юбилейине арналган «Климаттын өзгөрүшүнүн шартында тоо экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо» деген темадагы Эл аралык конференция өткөрүлөт.

Конференция тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча илимий-изилдөө иштеринде биргелешкен аракеттерге көмөк көрсөтүү максатында ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Климаттын өзгөрүүсү проблемасынын глобалдуу мүнөзүн түшүнүү жана биргелешкен аракеттерди көрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен биз конференция биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча бул глобалдык көйгөйгө чечимдерди табуу үчүн аянтча болуп калат деп күтөбүз.

Конференциянын негизги максаттарына төмөнкүлөр кирет:

Ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн жана окумуштууларынын ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу.

Климаттын өзгөрүшүнүн шартында тоо экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча стратегияларды түзүү.

Курчап турган чөйрөнү коргоо менен алектенген катышуучулардын жана уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү.

Конференциянын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

Пленардык отурум; секцияларда илимий баяндамалар: Секция А: Биологиялык ар түрдүүлүк жана биокоопсуздук; жана B: Экология

Конференциянын катышуучулары өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн сунушташат.

Дискуссия жана талкуулар: Окумуштуулар жана экологдор курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушат.

Тармактык байланыш форуму: Конференция катышуучуларга жаңы байланыштарды түзүүгө, өнөктөштөрдү табууга жана келечектеги изилдөөлөр жана долбоорлор үчүн идеялар менен бөлүшүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.

Биология институту бардык кызыкдар тараптарды тоо экосистемалары жана бүтүндөй планетабыз үчүн туруктуу келечекти түзүүгө жардам бере турган бул маанилүү иш-чарага кошулууга чакырат.

Иш-чара тууралуу:

Өткөрүү күнү: 2023-жылдын 15-сентябры

Өтчү жери: Парк Отель Бишкек

Дареги: Бишкек, көч. Орозбекова 87

 

Теренирээк маалымат алуу үчүн кайрылганга

байланыш сурап ​​билуу телефондору: +996 702 251724, +312 64 18 26 (39 20 68).

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту (КР УИА ИБ) жөнүндө:

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту республикадагы жападан жалгыз илимий жана консультациялык-методикалык борбор болуп саналат. Биология институту түзүлгөндөн, 1943-жылдан бери флора жана фаунанын биотүрдүүлүгүн изилдөөгө, биогеохимияга жана радиоэкология, экологиялык микробиология, токой чарбасы, токой изилдөө, токой ресурстарынын экологиялык жана экономикалык баалуулугун баамдоо, жаратылышты коргоо, ошондой эле жаратылышты коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча негизги илимий иштерди иштеп чыгуунун алкагында иш алып барууда.

Институт фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жана жапайы жаратылыш ресурстарын сактоону изилдөөнү координациялайт жана жетектейт.

Учурда институттун түзүмүндө 14 лаборатория, беш илимий-өндүрүштүк база бар. 141 илимий кызматкер эмгектенет, анын ичинен 6 илимдин доктору, 28 илимдин кандидаты, 1 академик жана 1 илимдин мүчө корреспонденти.

Институттун алдында С. Касиевдин атында зоологиялык музей бар, анда республикада Тянь-Шандын фаунасынын өкүлдөрүнүн эң ири экспозициясы коюлган.

Институттун көп жылдык иши Кыргызстандын ар кандай экосистемаларында 26500 дөн ашык флора жана фаунанын түрлөрүнүн ар түрдүүлүгүнүн сандык курамын аныктоого мүмкүндүк берди.

Акыркы жылдары Кыргызстан үчүн дагы, жалпы эле илим үчүн дагы жаңы түрлөр ачылды. Ошого карабастан, республиканын флора жана фаунасынын ар түрдүүлүгү али жетиштүү жана текши изилдене элек. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ар кандай систематикалык топторун изилдөө деңгээли 80% түзөт.

Институттун базасында Кыргызстандын флорасы менен фаунасынын компоненттеринин ири коллекциясынын фондулары түзүлгөн:

– УИА ИБ жогорку өсүмдүктөрдүн гербарий фондусу (FRU). Биринчи коллекциялар 1869-жылга таандык келет (Түздөн-түз Кыргыз Республикасынын аймагынан биринчи тукумдун түрү 1869-жылы австриялык орус ботаниги Ф. И. Рупрехт тарабынан Чатыр-Көлүндөгү Ф. Остен-Сакендин коллекциясынан жазылган). Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чогултулган 500 000 миңден ашык жогорку (гүлдүү) өсүмдүктөрдүн гербарий үлгүлөрү бар, аларды башка жерге которуштурууга болбойт.

– микологиялык гербарий фондусу (микро жана макромицеттер-грибоктор), үлгүлөр 1907-жылга таандык. Жалпысынан фонддо 25 миңден ашык гербарий үлгүлөрү сакталат, алардын ичинен 2100дөн ашык түр оору козгогуч грибоктору бар.

– Энтомологиялык коллекция ­ – Борбордук Азиядагы курт-кумурскалардын эң чоң коллекциясы (460 000 миң сактоо бирдиги), 15 600дөн ашуун түрү, алардын төрттөн бирине жакыны –жергиликтүү эндемиктер (Кыргыз Республикасынын аймагында гана кездешет).

Жогорудагылардан тышкары ар бир лабораториянын өзүнүн коллекциясы бар.

Конференция жөнүндө:

Уюштуруучулар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

Өнөктөштөр:

КР Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө борбору, Мергенчилер коомдору, «Азия Продукт» ЖЧКсы ж.б.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер