2023-жылдын 08-сентябрында ОДВЗЯИнын аткаруучу катчысы Роберт Флойд Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (КР УИА) болду. Роберт Флойд жана КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов менен кызматташуунун деңгээли талкууланып, КР УИАнын кызматкерлеринин ОДВЗИнын уставында жазылган милдеттенмелерге ылайык ишине тийиштүү баа берилди, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Роберт Флойд КР УИАнын илимий институттарынын өкүлдөрү менен, ОДВЗЯнын максаттары жана милдеттери жөнүндө кыскача маалымат берди, КР УИАнын кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.
Иш сапарынын алкагында Роберт Флойд КР УИАнын Сейсмология институтуна барды, анда ОДВЗЯИ эл аралык маалымат борборунун түзүмдүк бөлүмү болгон КР УИАнын маалымат борборунун (ПОСТ093) иши жөнүндө презентация болду. Ошондой эле КР УИАнын сейсмология институтунун тарыхый архиви боюнча экскурсия өткөрүлдү жана аны сактоо боюнча, анын ичинде ар кандай дүйнөлүк ядролук полигондордо өндүрүлгөн жана КР УИАнын сейсмикалык станциялары тарабынан жазылган ядролук жарылуулардын жазууларын санариптештирүү жана талдоо боюнча иштер көрсөтүлдү. Жолугушунун аягында ОДВЗЯИ эл аралык мониторинг системасына кирген “Ала-Арча” сейсмикалык станциясына экскурсия жүргүзүлдү.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1449