2023 – жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ѳлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университети илимий кызматташуу тууралуу макулдашуу кабыл алышты.
Документке Кыргыз Республикасынын УИАнын президенти К. Е. Абдрахматов жана университеттин ректору Р.З. Нургазиев кол коюшту.
Кол коюлган Макулдашуунун предмети өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ата мекендик илимдин салымын жогорулатуу максатында илимий-изилдөө, инновациялык жана билим берүү ишмердигин интеграциялоо жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү, ошондой эле эки тараптын кадрдык потенциалын, материалдык-техникалык жана инфраструктуралык базаларын биргелешип пайдалануу болуп саналат.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1484