2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында КР УИАнын Мамлекет жана укук институту тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Жаңы Кыргызстандын куруунун багыты” китебинин бет ачары болуп өттү.
Презентацияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери Чолпонбек Абыкеев менен Бекбосун Бөрүбашов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, корреспондент-мүчөсү Канатбек Абдрахматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, академик Абдылдажан Акматалиев, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев, мүчө-корреспондент Жумабек Жайлов, экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова, Мамлекет жана укук институтунун директорунун м.а., юридика илимдеринин кандидаты Айнуру Алтыбаева, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги, коомдук ишмерлер жана окумуштуулардын кеңири чөйрөсү катышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, саясий илимдердин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков, саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар, УИАнын ИИИ башчылары жана башка илимпоздор баяндама жасашты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1423