Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИА Жаш окумуштуулар кеңеши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун алдындагы жаштардын туруктуу кеӊеши болуп саналат. Кеңешке сунушталган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарынын жаш окумуштуулары – булар 40 жашка чейинки илимий даражасы бар аспиранттар, докторанттар, ошондой эле илимий кызматкерлер. Бүгүнкү күндө КР УИА ЖОКнин курамына төрага, төраганын 2 орун басары, окумуштуу катчы жана ар бир институттан бирден өкүл кирет. Советтин мүчөлөрү — илимдин ар турдуу тармактарынын адистери, алардын бардыгы өз институттарынын активдуу жаш окумуштуулары. Кеңештин мүчөлөрүнүн арасында эл аралык сыйлыктардын, жаш окумуштуулар үчүн фундаменталдык изилдөө гранттарынын жана гуманитардык илимдер боюнча гранттардын лауреаттары бар.

             Кеңештин негизги максаты –  илимди жаштардын жана жалпы коомчулуктун арасында, анын ичинде мектептерде жана университеттерде жайылтуу; таланттуу жаштарды илимге тартуу, жаштардын илимий ишмердүүлүгүн колдоо жана жүргүзүү, анын ичинде эл аралык кызматташтыкты колдоо; аналитикалык жана эксперттик иштерди, анын ичинде Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо.

         Кеңештин милдеттери:

  • КР УИАнын жаш окумуштууларын бириктирүү жана алардын ишмердүүлүгүн активдештирүү, максаттарына жетүү үчүн жаңы билимдерди алууга жардам берүү.
  • КР УИАнын жаш окумуштууларына фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү.
  • КР УИАнын Жаш окумуштууларынын ишмердүүлүгүн колдоо.
  • КР УИАнын илимий адистери менен жаш окумуштуулардын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу: кесиптик маалыматтын басма жана электрондук булактарын, илимий жана илимий-практикалык конференциялар гранттар, фонддор, жаш илимпоздорду колдоо программалары жөнүндө маалыматтарды алмашуу жана жайылтуу.
  • Мектеп окуучуларын жана жогорку окуу жайларынын студенттерин академиялык илимге тартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, илимди кеңири жайылтууга көмөк көрсөтүү.

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер