Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов 2023-жылдын 17-18-октябрында Пекинде (КЭР) өткөн «Бир алкак жана бир жол» аттуу III эл аралык кызматташтык форумуна катышты.
Форумга 150дөн ашык мамлекеттин жана 30дан ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышышты.
«Бир алкак жана бир жол» демилгеси Улуу Жибек Жолунун баалуулугун арттыруу максатында, атап айтканда, өз ара байланышты кеңейтүү контекстинде саясий диалогду активдештирүү, коммуникациялардын байланышын жеңилдетүү, соода байланыштарын либералдаштыруу, капиталдын кыймылын камсыз кылуу жана элдерди жакындаштыруу максатында пайда болгон. «Бир алкак жана бир жол» дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө кошумча дем берүүнү, глобалдык өнүгүү үчүн жаңы горизонтторду ачууну жана эл аралык экономикалык кызматташтыктын жаңы платформасын түзүүнү көздөйт.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1454