Конференцияга 50дөн ашык 70 автордун, анын ичинде 23 илимдин докторлорунун жана 20дан ашык кандидаттарынын докладдары келип түштү.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын 80ге жакын окумуштуулары жана окутуучулары (күндүзгү жана сырттан окуу) 10дон ашык уюмдардан жана ЖОЖдордон катышты.
Жыйындарда академик О. Д. Алимовдун пайдалуу кендерди казып алуу жана жаратылыш таштарын иштетүү техникасынын жана технологиясынын өнүгүшүнө арналган чыгармачылык мурасы чагылдырылып, О. Д. Алимовдун чыгармачылыгынын шакирттери жана жолдоочулары тарабынан улантылышынын натыйжалары көрсөтүлүп, жаңы механизмдердин назарияты, республикада энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, заманбап шарттарда билимдерди коммерциялаштыруу жана тоо-кен тармагы үчүн техникалык багыттагы кадрларды даярдоо маселелери, аны өркүндөтүүнүн ыкмалары жана жолдору чагылдырылды
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1453