Иш-чарага КР УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү, илимдин докторлору жана башка илимий кызматкерлеринен сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Бөрүбашев Бекбосун Ишенбекович жана башкалар катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү жана КР УИАнын көйгөйлөрүнө да токтолушту.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов өзүнүн куттуктоо сөзүндө азыркы замандын кырдаал-шарттарына жана мүдөө-талаптарына ылайыкташтырылган милдеттерди койду.
Ал ошондой эле келерки жылы илимге бөлүнө турган каржы кыйла көбөйөрүн, Министрлер Кабинетинде илимий кызматкерлердин айлыгын эки эсе көбөйтүү планы каралып жаткандыгын белгиледи.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1486