2023-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Корей Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүн изилдөө институтунун ортосунда климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү үчүн эки өлкөнүн илимин жана билимин өнүктүрүүгө салым кошуу, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында Өз ара кызматташуу меморандуму түзүлдү.
Документке Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов жана Корей Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүн изилдөө институтунун президенти Ким Бок Жон кол коюшту.
Эки тараптуу кызматташуу төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
– биргелешкен илимий жана билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
– биргелешкен илимий жана илимий-методикалык конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды, тегерек столдорду, жолугушууларды жана өз ара кызыкчылык туудурган көргөзмөлөрдү өткөрүү;
– лекцияларды окуу, тренингдерди, семинарларды жана консультацияларды өткөрүү үчүн илимий кызматкерлерди алмашуу;
– эки тарапты кызыктырган багыттар боюнча магистранттарды жана жаш окумуштууларды окуу жана илимий стажировкадан өтүү үчүн алмашуу;
– илимий-техникалык маалыматтарды, документтерди, адабияттарды жана библиографиялык басылмаларды алмашуу;
– кызматташуунун тике натыйжасы болгон биргелешкен илимий макалаларды, докладдарды жана китептерди даярдоо жана басып чыгаруу ж. б.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1526