Конференцияга 110дон ашык чет өлкөлүк жана ата мекендик окумуштуулар, БАЭ, Казакстан, Россия Федерациясы жана Тажикстандын өкүлдөрү катышты. 10дон ашык чет өлкөлүк университеттер (Кембридж, Бавария, Роджер, Киото университеттери) куттуктоо каттарын жөнөтүштү.
Конференциянын пленардык отурумунда тɵмɵндɵгүлɵр чыгып сүйлɵштү: КР УИАнын президенти, корр.-мүчө Абдрахматов К.Е., Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, корр.-мүчө Бөрүбашев Б.И., УАКтын төрагасы, б.и.д., проф. Тыналиева Б.К., КР УИАнын Физика-техникалык илимдер бɵлүмүнүн төрагасы, корр.-мүчө Жээнбаев Н.Ж., КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, корр.-мүчө Худайбергенова Б.М., академиктер, ИИМдин директорлору ж.б.
Конференциянын жүрүшүндө: 1) Химия жана химиялык технология, экология жана 2) Фитотехнология секцияларында докладдар жана билдирүүлөр угулду. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Конференцияга келип түшкөн материалдар: 50дөн ашык макала «КР УИА кабарлары» журналынын атайын чыгарылышына жарыяланды.
Министрликтердин, ведомстволордун, ЖОЖдордун, ИТИнин өкүлдөрү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюлду.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1527