Конференция тɵмɵнкү максатта ɵткɵрүлдү:
- изилдөөлөрдүн негизги жыйынтыктарын, Борбордук Азиянын гидрологиясынын, гляциологиясынын жана гидроэнергетикасынын өнүгүү тенденцияларын жана багыттарын;
- мониторингдин, моделдөөнүн жана болжолдоонун инновациялык ыкмаларын, географиялык маалымат системаларын;
- кызматташтыкты кеңейтүү, маалымат, билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу суу-энергетикалык чөйрөдө кадрларды даярдоонун заманбап көйгөйлөрүн талкуулоо.
Конференция төмөнкү илимий багыттар боюнча өттү:
- Борбордук Азиядагы дарыялардын бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана тактоо боюнча инновациялык методдор.
- Суу объектилеринин абалын моделдөө жана болжолдоо.
- Мөңгүлөрдүн динамикасына климаттын өзгөрүшүнүн таасири.
- Табигый коркунучтар жана суу менен байланышкан кырсык тобокелдиктерин башкаруу.
- Гидрологиядагы заманбап маалыматтык технологиялар.
- Гидрология, гляциология жана гидроэнергетика тармагында кадрларды даярдоо маселелери.
Конференцияга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Россия Федерациясынан, Япониядан, Кытайдан 80ден ашык киши: мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана ведомстволордун (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлɵр институту, Кыргызгидромет, Кыргыз ирригация илим-изилдөө институту) өкүлдөрү, чет өлкөлүк мекемелердин адистери, гидрология жана гляциология, суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо, суу коопсуздугу жана суу дипломатиясы, гидрометеорология, гидроэнергетика, экология жана сууга байланыштуу табигый кырсыктардын геотобокелдиктери жаатындагы алдыңкы эксперттер жана адистер (ЕККУ, Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдɵɵ институту, Кыргыз-кытай илимий-техникалык кызматташтык борбору, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы, Ж. Баласагын атындагы КУУ, К. Скрябин атындагы КУАУ, БААУ, М. Рыскулбеков атындагы КЭУ, Лицей (Военно-Антоновка айылы), ошондой эле ММК өкүлдөрү катышты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1779