2023-жылдын 17-ноябрында Бишкекте Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Конференцияда Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко сөз сүйлөдү.
Федерация Кеңешинин Төрайымы Чынгыз Айтматовдун мааракеси көптөгөн өлкөлөрдө кеңири белгиленип жаткандыгын жана мындай масштабдагы инсан бүткүл дүйнөлүк маданиятка таандык экендигин белгиледи. В. Матвиенко жазуучунун «Жамиля», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу» сыяктуу мыкты чыгармалары бүткүл Советтер Союзунун маданий турмушун кыймылга келтиргендигин эске салды. Жазуучунун эмгеги жана таланты бүткүл дүйнөгө таанылып, анын атактуу чыгармалары эл аралык бестселлерге айланды.
Бүгүнкү күндө Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине эң жакшы таазим – КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө ар тараптан салым кошуу, – деп ишенет Федерация Кеңешинин Төрайымы В. Матвиенко.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев да сөз сүйлөп, бул сыйлык жыл сайын адабият тармагындагы жетишкендиктери, оригиналдуу чыгармалары жана көп кырдуу адабий ишмердиги менен өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгарыларын белгиледи.
Быйыл анын лауреаты КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, Айтматовдун чыгармачылыгын терең изилдеген, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндɵгү Айтматов таануучулардын алдыңкыларынын бири болуп эсептелген, «Шериктештиктин жылдыздары» аттуу мамлекеттер аралык сыйлыктын лауреаты, академик А.А. Акматалиев болду.
А.А. Акматалиевге сыйлыкты Россия Федерациясынын Федерация Кеңешинин Төрайымы В. Матвиенко жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н. Шакиев тапшырышты.
КМШ ПААнын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаты, академик А.А. Акматалиевге 1 миллион сом тапшырылды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1646