Коомдук ишмер, академик Б.М. Юнусалиевге арналган «Академик Б.М. Юнусалиевге 110 жыл» аттуу Эл аралык илимий конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулуп ɵткɵрүлдү.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын, ошондой эле Казакстан, Ɵзбекстан жана Түркия Республикаларынын окумуштуулары баяндама жасашты.
Конференциянын алкагында академик Б.М.Юнусалиевдин негизги эмгектерине арналган көргөзмө уюштурулуп, анын окумуштуулук өмүр жолу тууралуу тасма көрсөтүлдү. Конференцияда анын өмүр жолу жана илимий изилдөөлөрүнөн тышкары, «Манас» эпосунун ошол кездеги тагдыры, анын окумуштуу катары башка мамлекеттердеги орду жана ал жөнүндө жарыяланган монографиялар тууралуу сɵз болду.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 3899