2023-жылдын 11-декабрында Кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруунун алкагында “Интеллектуалдык менчиктин укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын (IPCHAIN) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте “Илимде санариптик технологияларды колдонуу» аттуу темада кереге кеӊеш өткөрдү.
Тегерек столдун катышуучулары жасалма интеллект жана блокчейн технологияларынын илим жана билим чөйрөсүнө тийгизген таасири, ошондой эле блокчейн технологияларынын жардамы менен илимий иштерди кантип коргоого болору сыяктуу актуалдуу темаларды талкуулашты.
Кереге кеӊешке санариптик платформа жана экосистемалык чечимдер чөйрөсүндөгү эксперттер катышып, жаңы санариптик куралдар жана кызматтар, алардын коомдун бардык тармактарына, атап айтканда, илимге тийгизген таасири жɵнүндɵ айтып беришти. Ошондой эле КР УИАнын илимий кызматкерлери, КР УИАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, И. Ахунбаев атындагы КММАнын өкүлдөрү катышты.
Кереге кеӊештин аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 5286