Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын кызматкери Пекин университетинин (КЭР) Dongfang стипендиялык программасына катышты

2019-жылдан бери Пекин университети (КЭР) тарабынан уюштурулуп жаткан Dongfang стипендиялык программасы дүйнө жүзүндөгү жаш лидерлер үчүн уникалдуу тажрыйба болуп саналат.

  2023-жылдын 4-сентябрынан 24-ноябрына чейин КР УИАнын өкүлү, Илим жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси Мамбетжунушова Айсулуунун бул программага катышуусу Кыргызстандын илим тармагында Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айгинелейт.

Программа аяктагандан кийин катышуучуларга Сертификат тапшырылды.

Программанын Кытайдын саясатына, экономикасына, башкаруусуна, эл аралык мамилелерине жана маданиятына көңүл бурушу катышуучулардын бул негизги багыттар боюнча билимдерин кеңейтүүсү жана баалуу тажрыйба алуусу үчүн түзүлгɵн эӊ сонун  мүмкүнчүлүк болду. Программада камтылган лекциялар, семинарлар, Кытайдын мамлекеттик органдарына баруу, провинцияларды кыдыруу жана маданий сапарлар катышуучуларга Кытайды ар түрдүү ɵӊүттɵн тереңирээк таанууга жана түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

Программа катышуучуларды кеңири билим жана тажрыйба менен байытып гана тим болбостон, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилени бекемдегендигин да белгилей кетүү маанилүү. Dongfang программасы аркылуу чыңдалган эки тараптуу жана көп кырдуу бир туугандык байланыштар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү жыйынтыгы болуп саналат.

Бул программа ɵзүнүн эл аралык байланыштарды жана билим алмашууну чыңдоо миссиясын ийгиликтүү аткаруу менен бирге унутулгус таасирлерди калтырып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мындан аркы кызматташтыкка шыктандырды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер