Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
2023-жылдын 19-декабрында КР УИАда Курман-Гали Каракеевдин 110 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп ɵттү

2023-жылдын 19-декабрында КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту тарабынан уюштурулган, көрүнүктүү окумуштуу, КР УИАнын академиги, СССР Илимдер академиясынын, Россия Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, КР илимге эмгек сиңирген ишмери, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, тарыхчы Курман-Гали Каракеевич Каракеевдин 110 жылдыгына арналган, “Курман-Гали Каракеев – илимди уюштуруучу” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

К. Каракеев жаштар гезити “Ленинчил жаштын” жооптуу катчысынан республикалык “Кызыл Кыргызстан” (“Советтик Кыргызстан”) гезитинин башкы редакторлугуна чейинки жолду басып өткөн. “Кыргыз ССРинин тарыхынын” (экинчи жана үчүнчү басылышынын) редакциялык кеңешинин төрагасы жана авторлорунун бири, ошондой эле 12 томдук “СССР тарыхынын” башкы редакциялык кеңешинин мүчөсү болгон. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БКсынын катчысы болуп иштеген, Советтик-индиялык элдердин достугу коомунун вице-президенти, анын кыргыз бөлүмүнүн төрагасы кызматтарын аркалаган. Бир нече жолу СССР Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. К.К. Каракеев 20 жылга жакын, 1960-жылдан 1978-жылга чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болгон. Бул кызматта иштеп жүргөндө, академиянын түзүмдүк бөлүмдөрүн бекемдөө, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, чет өлкөлүк илимий мекемелер менен байланышты кеңейтүү боюнча чоң илимий-уюштуруучулук эмгек кылган. Бул мезгилде Илимдер академиясы Эл достугу ордени, Биохимия жана физиология, ошондой эле Геология институттары Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Ɵмүрүнүн акыркы жылдарында Тарых институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1968-жылы СССР илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган, 1991-жылы Россия илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп кайрадан шайланган.

Конференцияга окумуштуулар, коомчулуктун өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер катышты. Эскерүүлөрү жана баяндамалары менен 20дай көрүнүктүү окумуштуу: Ж. Акималиев, М. Шеримкулов, А. Акматалиев, О. Ибраимов, М. Мамытов, А. Жунушов, И. Болжурова ж.б. чыгып сүйлɵштү. Ошону менен катар жаш окумуштуулар да илимий конференциянын катышуучуларын ɵздɵрүнүн жаңы изилдөөлөрү менен тааныштырышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер