Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
TÜBİTAKтын түрк дүйнөсүнүн академияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу

Түрк Академиясы жана Түркия Республикасынын Илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңеши (TÜBİTAK) Түрк мамлекеттери уюмунун катчылыгынын колдоосу менен 2023-жылдын 26–28-декабрында түрк дүйнɵсүнүн илимий коомчулугунун ɵкүлдɵрүнүн катышуусунда «Көп тараптуу илимий кызматташтык, аймактык жана глобалдык коркунучтардын алдын алууда түрк мамлекеттеринин биргелешкен кызматташуусу» аттуу темада жолугушуу өткөрдү.

Ачылыш аземине TÜBİTAKтын президенти Хасан Мандал, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев катышты.

Түрк мамлекеттеринин илимдер академияларынын жана билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү өз өлкөлөрүнүн илимий-техникалык потенциалы тууралуу маалымат беришти. Атап айтканда, Азербайжандын Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана Илим фондунун, Түркиянын Илимдер академиясы жана Илимий-технологиялык изилдөөлɵр кеңешинин, ошондой эле Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Улуттук илимдер академиясынын, Өзбекстандын Илимдер академиясынын жана Татарстандын (РФ) Илимдер академиясынын ɵкүлдɵрү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын атынан академик А.А. Бɵрүбаев, башкы окумуштуу катчы Б.М. Худайбергенова, ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Илим бөлүмүнүн башчысы Г.Ы.Токтошев сөз сүйлөштү. Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн багыттарын жана бир тууган мамлекеттердин ортосундагы илимий интеграциянын жолдорун талкуулашты.

Жолугушууда түрк мамлекеттеринин көп тараптуу илимий кызматташтыгын өнүктүрүү аркылуу аймактык жана глобалдык коркунучтарды жеңүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жолугушууга онлайн режиминде катышкан Нобель сыйлыгынын лауреаты, Түндүк Каролина университетинин профессору, доктор Азиз Санжар бул маселе боюнча ой бөлүштү.

Тараптар жемиштүү жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, биргелешкен кызматташуу ниетин билдиришти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер