2024-жылдын 17-январында саат 15-00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо” аттуу темада салтанатттуу жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды КР УИАнын вице-президенти Арабаев Чолпонкул Исаевич ачып, алып барды.
Жыйында:
- КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө Абдрахматов Канатбек Ермекович;
- КР УИАнын Химия-технология, медицина-биология жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчɵ Шалпыков Кайыркул Тунгатарович;
- КР УИАнын Физика-техника, математика жана тоо-геология илимдери бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчө Жеенбаев Нурбек Жаныбекович;
- КР УИАнын Коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович;
- КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчɵ Худайбергенова Бермет Мерлисовна сɵз сүйлɵштү.
2023-жылы аспирантураны ийгиликтүү аяктагандарга бүтүрүү күбɵлүгү салтанаттуу түрдө тапшырылды. 2023-2024-окуу жылы аспирантурага жаӊы кабыл алынгандар жөнүндөгү №72 жана №73 буйруктар окулду.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 13957