2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында КР УИАнын Химия-технология, медицина-биология жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн (ХТМБАЧИБ) жылдык сессиясы болуп өттү. Бɵлүмдүн бюросунун төрагасы, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү К.Т. Шалпыков “ХТМБАЧИ бɵлүмүнүн 2023-жылдагы илимий жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары” аттуу баяндамасын окуду.
Бɵлүмдүн бюросунун төрагасынын орун басары, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү К.М. Мамакеев “2023-жылы ХТМБАЧИ бɵлүмүнүн мүчɵлɵрүнүн илимди өнүктүрүүгө жана илимий изилдөөлөргө кошкон салымы жөнүндө” аталышында баяндама жасады.
ХТМБАЧИ бɵлүмү 5 илимий-изилдөө институтун бириктирет: Химия жана фитотехнология институту, Биотехнология институту, Биология институту, Тоо физиологиясы жана медицина институту, Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институту.
Бɵлүм фундаменталдык жана прикладдык актуалдуу көйгөйлөрдү координациялоого жана чечүүгө багытталган көп кырдуу илимий-уюштуруу иштерин жүргүзөт.
Бɵлүмдүн отчётун тɵмɵнкү шилтеме аркылуу карасаӊыз болот:кирүү
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 7262