2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи конференц-залында КР УИАнын президенти, мүчө-корреспондент Абдрахматов Канатбек Ермековичтин, “Илимий долбоорду кантип жазуу керек” деген аталыштагы лекциясы болуп өттү.
Лекцияга докторанттар, аспиранттар, илимий даражаларды изденүүчүлөр – илимдер академиясынын жаш окумуштуулары катышты.
Теманын пайда болуу тарыхына кайрыла кетсек: Лекция тууралуу идея 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспиранттарынын, илимий даражаларын изденгендердин жалпы чогулушунан кийин жаралган.
Ошондогу катышкандардын баары келечектеги жаш изденүүчүлөргө изденген эмгектери кандидаттык же доктордук диссертацияларын коргоо, монография, окуу китептерин, макалаларды чыгаруу менен аяктап, ийгиликке жетүүсүн каалашкан.
Чындыгында азыркы учурда илимий эмгектерди тариздөөгө, долбоорлорду жазууга жогорку талаптар коюлууда. Ошондуктан бул маселе боюнча угуучулардын көптөгөн суроолоруна кийинки жолугушуу болгондо толугурак жооп бере тургандыгын КР УИАнын президенти К. Е. Абдрахматов аларга билдирди.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 11388