Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУНУН ОКУУ БОРБОРУ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ЧАРАСЫ

2024-жылы 29-январда  “Жарандарды пенсиялык  камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун  адистери менен КР УИАнын илим изилдөө институттарындагы кадр маселелерин, профосоюздун ишмердүүлүгүн, жаштар кыймылын көзөмөлдөгөн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

        Учурда Кыргыз Республикасында 765 миңден ашык пенсионер бар.  Пенсиянын орточо өлчөмү 9221 миң сомду түзөт.

Окуу борборунун адистери Чынтемирова Атыр Закировна жана Кошокова Гулина Салыбаевна катышкандарга пенсиялар, анын бардык түрлөрү; аны кантип индекстөө керек, пенсияны ипотекалык кредиттөө үчүн ким пайдалана алат?; МТФП каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга мүмкүндүк берген оорулуулардын тизмесинин болушу; ЕАЭБ мамлекеттеринде, Түркия Республикасында, Корея Республикасында эмгектенген мигранттардын укугун коргоо жана аларды пенсия менен камсыздоо жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлгандыгы тууралуу маалыматтарды кеңири айтып беришти.

Жогоруда айтылган бардык маалыматтык лекциялар слайддар менен коштолгондуктан катышкандар оңой түшүнүштү. Андан соң элди кызыктырган суроолор берилип, жооптор алынды.

      Пенсиялык система мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий турмушу жана финансылык-бюджеттик чөйрөсү менен тыгыз байланышта болгондуктан, социалдык кызмат бөлүмү тарабынан мындай түшүндүрүү семинарларын өткөрүү дайыма өз убагында болуп тургандыгы колдой турган көрүнүш.

Жолугушуу КР УИАнын Президиумунун Илим жана Эл аралык кызматташтык бөлүмү тарабынан уюштурулду.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер