2024-жылдын 30-январында Бишкек шаарында “Улуттук академиялык консорциумдун” алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен «Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети» деп аталган Жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик окуу жайынын ортосунда «Улуттук академиялык консорциум жөнүндөгү Жобонун» негизинде илимий кызматташуу келишими түзүлдү.
Эки тараптуу келишимге КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматов жана КРСУнун ректору Д.В. Фомин-Нилов кол коюшту.
Келишимге кол коюу салтанатында КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчɵ К.Е. Абдрахматов куттуктоо сɵзүн сүйлɵдү жана бул келишимдин негизиндеги илимий-практикалык кызматташуу натыйжалуу болоруна толук ишенерин белгиледи.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 14470