Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
ТӨКМӨ ЫРЧЫ ШЕКЕРБЕК АДЫЛОВДУН “ТИРҮҮЛҮК” АТТУУ КИТЕБИНИН БЕТ АЧАРЫ

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында академиянын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен КР Улуттук Манас Театры биргелешип уюштурган төкмө ырчы Шекербек Адыловдун “Тирүүлүк” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Салтанатты белгилүү төкмө ырчы Азамат Болгонбаев алып барды.

“Тирүүлүк” китебинин бет ачар аземине Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Вице-Президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич, Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Осконалиевич Калыбеков катышып сөз сүйлөштү.

Жаңы китептин бет ачар салтанатында Манас эпосунан үзүндү айтылды жана ага белгилүү окумуштуулар, акын-жазуучулар, төкмөлөр, комузчулар катышты. Ырчылар Шекербек Адыловдун жазган обондуу ырларын аткарып беришти.

Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда иштеген филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева өз сөзүндө Шекербек Адыловдун ырлар жыйнагын чыгарууда инстутуттун чоң салымы бар экендигин айтып, бул жыйнак жөнүндө кеңири баяндама жасады жана азыркы төкмө ырчылардын ырларын жыйноо, китеп кылып чыгаруу, иликтөө маселелери боюнча институттун жүргүзүп жаткан иштери тууралуу катышкандарга маалымат берди.

Шекербек Адылов жана анын “Тирүүлүк” атуу жыйнагы тууралуу Т. Нурманбетов, А. Алымбаев,. Ж. Нурманбетов, О. Кутманов, М. А. Токтоболотов, А. Турсункулов, А. Сариев, Ш. Абдырахманов, У. Токтоболотов, С. Бейшекеев, Р. Исаков, А. Кутманалиев (Саргашка) ж.б. сөз сүйлөшүп өз каалоолорун айтышты.

Бет ачар аземдин соңун төкмө ырчы Шекербек Адылов кыскача сөз менен жыйынтыктап, келген окурмандарга терең ыраазычылыгын билдирди.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер