Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Окумуштуулардан омокту сунуш – кереге кеӊештин резолюциясы

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун № 242 «Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу» аттуу тескемесин аткаруу максатында

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан ɵткɵрүлгɵн «Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар» кереге кеӊешинин

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

 

Коомдук жана гуманитардык илимдердин өкүлдөрүнүн кереге кеӊешинин катышуучулары Кыргызстан эгемендик алгандан берки мезгил ичиндеги гуманитардык илимдердин абалына тиешелүү маселелердин өтө кеңири чөйрөсүн талкуулап чыгышты.

Жыйындын катышуучуларынын пикиринде, 1990-жылдары өлкө башынан өткөргөн өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын коомдук-гуманитардык илимдери эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп, алар бүтүндөй илимий мектептердин жоюлушуна, илимий кадрлардын сандык жана сапаттык жактан деградацияланышына алып келген. Анын кесепетинен улам социалдык жана гуманитардык илимдердин азыркы өнүгүш деңгээли эгемен мамлекеттин талаптарына туура келбейт. Аталган илимдердин абалы Кыргызстанда улуттук идеология боюнча натыйжалуу иштелмелердин жоктугунан даана көрүнөт. Өз кезегинде бул коомдук-саясий турмуштун бардык чөйрөлөрүнө таасир этип, анын ичинде улуттук коопсуздукка да түздөн-түз коркунуч келтирүүдө.

Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн контекстинде улуттук иденттүүлүк маселесине кайрылуу негизги тенденцияга айланып жаткан чагы. Мындай шартта улуттук идеологиянын башкы максаты Кыргызстан өз субъекттүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жана улуттук өзгөчөлүгүн сактап калып, башка элдерге жем болбой турган стратегияны иштеп чыгуу жана элге кеңири жеткирүү болууга тийиш.

Иш-чарада тил, адабият, маданият, философия, тарых, укук, социология, педагогика сыяктуу коомдук жана гуманитардык илимдер өлкөнүн негизги идеологиялык багыттарын аныктоодо маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди. Отурумда өлкөнүн ичиндеги жана эл аралык аренадагы жүрүмдөрдү (процесстерди) талдоонун тарыхый, философиялык, саясат таануучулук жана башка өңүттөрү ар тараптан каралды. Акыркы жылдары гуманитардык багыттагы илим-изилдөө институттарында жүргүзүлүп жаткан бир катар иштердин жыйынтыктарынын олуттуу илимий мааниси бар экени баса көрсөтүлдү. Ошону менен катар андагы илимий жыйынтыктарды элге жеткирүү, турмушка ашыруу, коомдук-саясий турмуштун күнүмдүк практикасына айкалыштыруу жагы жолго коюлбай жатканы айтылды.

Улуттук иденттүүлүктү жана жеткинчек муундардын дүйнө таанымын калыптандырууда улуттук маданиятты жана салттуу музыканы, кыргыз тилиндеги балдарга ылайык заманбап контентти өнүктүрүүнүн актуалдуулугу талкууланды.

Илим тармагын каржылоо жаатында көп жыл бою кетирилген кемчиликтер келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш кадрларды илимге тартууга жана алардын дараметин туура пайдаланууга жолтоо болуп келгени белгиленди. Атап айтканда, ушу тапта УИАда илимий даражасы жок кызматкер 14 миң, илимдин кандидаты 18 миң, илимдин доктору 22 миң сом айлык алат. Мындай шартта илимий кызматкерлер башка иштер менен алектенип, негизги жумушу болгон илим изилдөө иштери арткы планда калат.

Талкууда көтөрүлгөн бул жана башка маселелерди эске алуу менен, кереге кеңештин катышуучулары коомдук-гуманитардык багыттагы илимий изилдөө иштери жана алардын жыйынтыктары биринчи иретте Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына, эгемен мамлекеттин өнүгүү логикасына, өлкөдө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесстердин маани-мазмунуна, кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасына жана улуттук баалуулуктарына төп келиши керек экендигин белгилешти. Бул үчүн төмөнкү багыттарда иш жүргүзүлүшү маанилүү:

  • Коомдук-гуманитардык багыттагы илимий изилдөөлөр толугу менен улуттук кызыкчылыкка туура келиши керек. Аны ишке ашырыш үчүн: 1) эки тараптуу диалог форматында (а) илимий коомчулук өкүлдөрүнүн өлкө үчүн маанилүү деп эсептеген практикалык сунуштарын угууну жана (б) бийлик органдарынын тигил же бул тематикадагы илимий изилдөөлөргө болгон муктаждыктарын аныктоону көздөө менен туруктуу иштеген форум түзүү максатка ылайык; 2) жактоого бекитилип жана жакталып жаткан илимий иштердин, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн Кыргыз Республикасы үчүн практикалык пайдасы негизги критерийге айланышы керек; 3) Кыргызстанда гуманитардык билим берүүнүн парадигмасы түп-тамырынан бери эгемен мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына ылайык өзгөрүүгө тийиш. Анын негизги багыттары боюнча кереге кеңештеги тиешелүү илимий баяндамада айтылган сунуштар толугу менен колдоого алууга татыктуу деп эсептейбиз.
  • Гуманитардык багыттагы илимий иштердин тематикасы, негизинен, Кыргызстандын коомдук турмушуна, улуттук баалуулуктарына жана улуттук коопсуздугуна тиешелүү болгондуктан жана бул багыттагы илимий макалаларды Орусиянын РИНЦ, Батыштын Scopus, Web of Sciense системаларына кирген эл аралык журналдарга жарыялоо өтө кымбатка түшкөндүктөн, Жогорку аттестациялык комиссия аларды өлкө тышында жарыялоо боюнча талаптарды жокко чыгарышы максатка ылайык.
  • Идеология жана адеп-ахлак жаатындагы иштерди илим жана турмуштук практика менен айкалыштыруу максатында бул багыттарга жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы институтуна (а) Билим берүү жана илим министрлиги, (б) Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана (в) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жүргүзүп жаткан иштердин мазмундук бөлүгүнө таасир этүү боюнча жетиштүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарыл. Бул багытта илимий долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жарандык ынтымакты жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, президент С. Н. Жапаровдун “Нарк жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча стратегиялык иштердин мазмунун жөнгө салууга жардам берет.
  • Жогорку окуу жайларында философия жана саясат таануу (политология) кафедраларын кайрадан ачуу абзел. Ошону менен катар жогорку окуу жайларынын окуу программаларына философия, мамлекет жана укук, саясат таануу жана дин таануу боюнча сабактарды киргизүү максатка ылайык. Саясат таануу боюнча окуу программасына Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктары тууралуу сабактарды милдеттүү түрдө киргизүү зарыл.
  • Илим тармагында иштеген кадрлардын айлыгын көтөрүү заман талабы экенин эске алуу абзел. Анын критерийлерин иштеп чыгууну Улуттук илимдер академиясына тапшыруу сунушталат.

 

Резолюция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер