Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматовдун жолугушуусу болду

2024-жылдын 17-21-февралында Түрк маданияты жана мурасы фондунун (мындан ары – ТММФ, Фонд) жаңы дайындалган президенти Актоты Раимкулова Бишкек шаарына иш сапары менен келди.

Фонддун негизги максаты – түрк тилдүү элдердин маданиятын жана мурасын коргоо, изилдөө жана жайылтуу.

ТТМФ А. Раимкулова КР Тышкы иштер министрлигине КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматов менен жолугушуу уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган.

Министрлик, өз кезегинде, Кыргыз Республикасы менен ТММФ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде келечектеги перспективаларды талкуулоо максатында бул жолугушууну максатка ылайыктуу деп эсептегендиктен, 2024-жылдын 20-февралында КР УИАда КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматов, башкы окумуштуу катчысы Б.М. Худайбергенова, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору А.А. Акматалиев, Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору А.А. Асанканов, А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун директору Н.К. Саралаев, Илим жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Т.Э. Урусова Фонддун президенти А. Раимкулова жана Фонддун долбоорлор боюнча менеджери Мирбек Карыбаев менен жолугушуу ɵткɵрүштү.

Жолугушууда илимий байланышты чыңдоо зарылдыгы баса белгиленип, түрк элдеринин мурастарын терең изилдөө, долбоорлор менен иштөө, ɵз ара материалдык-техникалык жардам көрсөтүү маселелерине токтолушту.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер